• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аида Касымалиева БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) администратору Ахим Штайнер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы реформаларды колдоо, экология жана климат жаатында кызматташуу, тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелери талкууланып, ПРООНдун ар түрдүү тармактарда көрсөткөн туруктуу колдоосуна ыраазычылык билдирилди.

Өлкөнүн климаттык амбицияларын жогорулатууда жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын 26-сессиясына даярдык көрүүдө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ПРООНго өзгөчө ыраазычылык билдирилди.

Бул контекстте өлкөнүн тоолор боюнча күн тартибине коюлган эл аралык демилгелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Туруктуу өкүл 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялоону жана быйыл Кыргызстан «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер» резолюциясынын жаңы долбоорун сунуш кылууну көздөп жатканын белгиледи.

Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы улуттук демилгелер, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгы жана "Жашыл мурас" Улуттук программасы тууралуу маалымат берип, анын алкагында өлкө боюнча жыл сайын миллиондогон көчөттөрдү отургузууну пландаштырып жатканын айтты.

Өз кезегинде Ахим Штайнер Кыргызстандын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгүн колдой тургандыгын жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Соңунда тараптар ийгиликтерди каалап, мындан аркы жемиштүү кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий