• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аида Касымалиева Европа бирлигинин элчиси Эдуард Ауэр менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Европа бирлигинин Кыргызстандагы элчиси жана өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин учурдагы абалы боюнча пикир алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Аида Касымалиева Европа бирлиги Кыргызстандын эӊ ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп: “Биздин өлкө эгемендикке ээ болгон мезгилден бери жакындан жардам берип келесиздер. Кыргыз тарап мындан ары дагы кызматташтык мамилелерди жигердүү улантууга кызыкдар”, – деди.

Ошондой эле жолугушууда кесиптик бирликтердин милдеттери менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча да сөз болуп, тараптар Европа бирлигинин ВСП+ макамына тиешелүү маселелерге да токтолушту.

Мындан тышкары, жолугушууда тараптар Европа бирлиги менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды талкуулап, алакалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча баарлашты.

Элчи Эдуард Ауэр Европа бирлигинен Президент демилгелеген “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында ишке ашырылуучу долбоорлорду колдоо багытында 35 миллион евро бөлүнөрүн маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий