• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аида Касымалиева Глобалдык өнүктүрүү демилгесинин Достор тобунун жолугушуусуна катышты

Коом 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Кечээ, 9-майда Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан өткөрүлгөн Глобалдык өнүктүрүү демилгесинин Достор тобунун жогорку деңгээлдеги виртуалдык жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун ачылыш бөлүгүндө Кытайдын тышкы иштер министри Ван И, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш катышты. Иш-чарага ошондой эле БУУнун Нью-Йорктогу БУУдагы миссияларынын башчылары жана БУУнун Экономикалык жана социалдык иштер департаменти, ПРООН, ФАО, БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасы сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Туруктуу өкүл Аида Касымалиева өз сөзүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында айтылган Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Глобалдык өнүктүрүү демилгесин колдоорун билдирип, буга байланыштуу кыргыз тарабы анын достор тобуна кошулганын белгиледи.

Ошондой эле туруктуу өкүл тышкы карызды жеңилдетүүнүн ордуна туруктуу өнүгүү долбоорлорун ишке ашыруу, жергиликтүү жумуш орундарын түзүү, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө заманбап, таза жана жеткиликтүү энергетика менен камсыз кылуу жана санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча маселелерди аталган демилгенин ишинин алкагында карап чыгууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий