• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аида Касымалиева ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун Балдар фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

А.Касымалиева Кыргызстан ЮНИСЕФтин ишмердүүлүгүн жогору баалап, аны менен ар тараптуу кызматташууну бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстандын туруктуу өкүлү ЮНИСЕФке эне жана баланын ден соолугун коргоо, балдардын билим берүү кызматтарына жетүүсүнө мүмкүндүк алуу, балдардын өлүмүн кыскартуу, өлкө калкын COVID-19га каршы эмдөө жаатындагы өлкө программаларын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел КР өкмөтүнүн калктын аялуу катмарынын айрым категорияларына, анын ичинде бала кезинен бери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды багып келе жаткан жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү боюнча ишин жогору баалады. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы 2023-2027-жылдарга түзүлгөн өлкө программасын колдоорун билдирди.

Тараптар ошондой эле учурдагы эл аралык кырдаалдын жана азык-түлүк коопсуздугунун калктын социалдык жактан аялуу катмарына, биринчи кезекте балдарга болгон терс кесепеттерин талкуулашты.

Алар Кыргызстандагы балдардын абалын жакшыртууга жана кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий