• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аида Касымалиева КМШ ПААнын жана ЖККУ ПАнын эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү менен жолукту

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева парламенттик шайлоого карата даярдык жана аны өткөрүү жараяндарына мониторинг жүргүзүү үчүн келген Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алгач төраганын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева аталган байкоочулар миссиясына ыраазычылык билдирип: “Өнөктөш өлкөлөрдүн парламент өкүлдөрүнөн турган эл аралык байкоочулардын шайлоого бере турган баасы биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан, жигердүү иш алып барып, добуш берүү өнөктөгүнө өзгөчө көңүл бурасыздар деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар парламенттик шайлоодогу айрым өзгөчөлүктөргө токтолгон Аида Касымалиева: “Бул өнөктүк бир катар жаңы эрежелер менен өтөт. Аралаш шайлоо тутуму аркылуу пропорционалдык негизде 54 депутат, мажоритардык шартта 36 депутат шайланат. Ага ылайык, жарандарыбыз бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлерге, ошондой эле партияга жана анын ичинен өзү каалаган адамга добуш берет”, – деди.

Андан тышкары, талапкерлер арасында аялдарга, жаштарга жана этностук азчылыктарга да атайын квоталар каралганы белгиленди.

Өз кезегинде Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын депутаты, КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын координатору Кутбидин Бурханов парламенттик шайлоого карата бардык тиешелүү шарттар түзүлгөнүн билдирип, ийгиликтерди каалады.

Ал эми Армения Улуттук Жыйынынын депутаты, ЖККУ ПАнын байкоочулар миссиясынын координатору Алексей Сандыков шайлоого аттанып жаткан партиялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу тууралуу сөз кылып: “Аларда да добуш берүү жараяндарынын ачык-айкын, демократиялык шартта өтөрүнө ишеним чоң. Андыктан, бул зор жоопкерчиликти талап кылган өнөктүк бардык жааттар үчүн адилеттүү жыйынтыкталат деген пикирдебиз”, – деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий