• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аида Касымалиева менен Кубанын элчиси кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Бүгүн, 29-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Куба Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Эмилио Певида Пупону кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Төраганы орун басары Аида Касымалиева алгач элчи Эмилио Певида Пупону Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү ишине зор ийгиликтерди каалады. Ошондой эле эки элдин тарыхый достук мамилесин жаңы деңгээлге көтөрүүдө элчинин ролу жогору экенин айткан Аида Касымалиева: “Биздин өлкөлөр бири-биринен алыс жайгашкандыгына карабай, тарыхый байланыштарыбыз келечектеги кызматташтыгыбыз үчүн пайдубал болуп бериши керек. Айрыкча, парламенттер аралык алаканы арттыруу аркылуу, ар тараптуу мамиленин жаңы барагын ачуубуз кажет. Бул үчүн эки тараптуу жолугушууларды байма-бай өткөрүү аркылуу жемиштүү иштөөгө болот”, – деди.

Муну менен катар “Кыргызстан Куба мамлекети менен билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана илимий-технология чөйрөлөрүндө да кызматташууга кызыкдар”, – деген төраганы орун басары, аталган багыттарда тажрыйба алмашуу зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле Кыргызстан туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын белгилеген Аида Касымалиева: “Куба мамлекети да туристтик өлкө катары зор тажрыйбага ээ. Андыктан биз ички мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша бул жаатта да кызматташууга аракет көрүүбүз керек”, – деп билдирди.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Эмилио Певида Пупо Кыргызстан Куба мамлекетине өтө көп көмөк көрсөткөнүн эске салып: “Совет мезгилинде бул жакта көптөгөн кубалык студенттер билим алып, өнүгүү жолуна түшкөн өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн зор эмгек жумшашты. Андыктан, калыптанган достук мамилени өнүктүрүү аркылуу, кызматташтыкты улантуу учур талабы. Себеби, биз үчүн Кыргызстан маанилүү өнөктөш өлкө болуп эсептелет”, – деди. Саламаттыкты сактоо жаатында да Кубанын тажрыйбасы арбын экенин айткан элчи Эмилио Певида Пупо дарыгерлер ортосунда тажрыйба алмашууну күчтөндүрүү керектигин кошумчалады.

Андан тышкары жолугушууда эл аралык деңгээлдеги байланыштар, анын ичинен бир катар дүйнөлүк уюмдар алкагындагы кызматташтык маселеси боюнча да сүйлөшүүлөр болду.

Пикир

Оставить комментарий