• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аида Касымалиева парламенттин вице-спикери болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева спикердин орун басары болуп шайланды.

Бүгүнкү сессияда Касымалиеванын талапкерлиги каралып, депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен колдоого ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Төрага Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Касымалиеванын шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ири ийгиликтерди каалады.

Жаӊы вице-спикер депутаттарга чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн өз ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Аида Касымалиева Жогорку Кеӊештин депутаттыгына КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген.

Ал 1984-жылы Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү: 2005-жылы Бишкек гуманитардык университетин журналист адистиги боюнча кызыл диплом менен бүтүгөн. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт, эркин жазат.

Аида Касымалиева КСДП фракциясы тарабынан 14-декабрда кайра чакыртылып алынган депутат Асел Кодуранованын ордуна шайланды.

Эске салсак, Кодуранова вице-спикер болуп 2017-жылы 1-ноябрда дайындалган болчу.

Мыйзам боюнча, төраганын эки орун басары бар, бирөө көпчүлүк коалициядан, экинчиси оппозициядан дайындалат.

Пикир

Оставить комментарий