• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аида Касымалиева Улуттук банкты “Электрондук капчык” кызматына тыюу салбоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 24.01.18 /Жамиля Жакыпбекова – Кабар/. Парламенттин депутаты Аида Касымалиева Улуттук банкты уюлдук операторлорго “Электрондук капчык” кызматын көрсөтүүгө тыюу салбай, мыйзам чегинде өркүндөтүүнүн үстүндө иштөөгө чакырды.

“Бир күндө миллиондогон сом айланып жатканы тууралуу маалымат бар – бул электрондук толөм кызматын колдонгон 100 миң жаран. Мен сиздерди кызматка тыюу салбастан, бул кызмат жоголбой, адамдардын мындай мүмкүнчүлүгү болушу үчүн мыйзамга ылайык өркүндөтүүнүн үстүндө иштөөгө чакырам”, - деди Касымалиева парламенттин жыйынында.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов учурда бул тема боюнча маанилүү маселелердин катарында кызмат банктык операцияга киреби же жокпу чечүү зарылдыгын жооп кылды.

“Уюлдук операторлор кызмат банктык операторлорго тиешелүү эмес, бирок эгерде мында акча каражаттары болсо, демек, банктык операция катары саналат. Эгерде буга мыйзамдын алкагында карай турган болсок, буга мыйзамсыз ишкерлик катары баа берүүгө болот. Бул маселени талкуулоо эмнеге алып келери белгисиз”, - деди Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий