• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аида Касымалиеванын анализинин жыйынтыгы чыкты

Ден соолук 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Германияга болгон сапарынан кийин коронавируска анализ тапшырган болчу. Анын анализинин жыйынтыгында коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу Касымалиева өзүнүн соцтармагындагы баракчасына билдирүү жасаган.

"Анализдин жыйынтыгы боюнча коронавирус табылган жок. Кийинки анализ дагы бир жолу 10-12-күнү жасалат", — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, бүгүн түндө вице-спикер Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана делегациянын курамында 9 адам Германиядан келгенден кийин үй карантинине алынган.

Пикир

Оставить комментарий