• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аида Саляновага айып тагылып, эч жакка чыкпоого милдеттендирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Саляновага айып тагылып, ал эч жакка чыкпоого милдеттентирилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

“Ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу суракка чакырылган. Сурактын жыйынтыгында ага айып тагылып, эч жакка чыкпоого милдеттендирилди”,-деп билдирди УКМКдан.

Эскерте кетсек, 26-декабрда КРнын Башкы прокуратурасы ЖКнын депутаты Аида Саляновага карата КРнын Кылмыш кодексинин 304-беренесинде каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал Юстиция министри болуп турганда 2010-жылы издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берүүгө айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий