• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аида Салянованын бөгөт чарасы өзгөрдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата бөгөт чарасы өзгөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Салянованын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.

15-август күнү Аида Салянова Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн алынып келинген.

Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө жактоочусунун катышуусунда Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосун билдирген. Ага байланыштуу жаңы мыйзамга ылайык башында тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына чыгаруу болуп өзгөргөн.

Пикир

Оставить комментарий