• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аида Салянованын инисин өлтүрүүгө шектүүлөрдүн экинчиси Москвада кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүүгө экинчи шектүү Москвада кармалган. Бул тууралуу республиканын ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, Улан Саляновду өлтүрүү фактысы боюнча негизги шектүүлөрдүн бири кармалганы маалымдалган. 2017-жылдын 27-декаюрында милиция кызматкерлери тарабынан негизги шектүүлөрдүн бири 32 жаштагы Бишкектин тургуну Э.О. кармалган.

“Россия жана Кыргызстандин ИИМ кызматкерлери Москванын аймагында Улан Саляновдун өлүмүнө экинчи шектүү кармалды. Издөөдөгү 1983-жылы туулган Кыргызстандын жараны А.А. камакка алынды. Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган адамды экстредациялоо боюнча тиешелүү материалдар РФ компетенттүү органдарына жиберилди”, - деп билдирди КР ИИМ. Маалымдалгандай, шектүү мурда соттолгон.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрында милицияга Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында кол салуу тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөчүлөр болжол менен түнкү 01:30 чамасында Көк-Жар айылында бир нече белгисиз адам Улан Саляновдун үйүнө киришкенин аныкташкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышкерлер 42 жаштагы Улан Саляновго 2 жолу ок чыгарышып, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучу алган жаракатынан ооруканада каза болгон. Кол салуу маалында үйдө жубайы жана уулу болгон. Тергөө кылмыштын бир нече версиясын карап жатат. Бирок саясий мотив жок.

Факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Милиция бул иш боюнча тергөөнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий