• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аида Салянованын соту 16-июнга жылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 9-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын соту башталып, бирок жактоочунун келбегенинен улам, сот ошол замат 16-июнга жылдырылды.

Айыптоочу өз кезегинде айыпталуучунун жактоочусу сот процессине башка жыйындарда жүргөнүн айтып, бир нече ирет келбей койгонун айтты.

Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков соттук кароону 16-июнга жылдырды.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-декабрында “кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган” деген негизде Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча Саляновага кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына тапшырылган. Аида Саляновага юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп турганда, 2010-жылдагы революциядан кийин, издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий