• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айдарбеков Афганистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-январь күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбахты анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда министр белгилегендей, өткөн жылы кыргыз-афган мамилелеринде бир топ жылыштар болгон. Ага Афганистандын президенти А. Ганинин ШКУнун Бишкек Саммитине катышуусу, Афганистандын тышкы иштер министри С. Раббанинин Кыргызстанга расмий сапары жана 2019-жылдын апрелинде Бишкекте "ШКУ-Афганистан" Контакттык тобунун үчүнчү жыйынынын өтүшү далил боло алат.

Жолушууда айтылгандай, өткөн жылы Афганистандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу боюнча маселелерге чоң маани берилген.

"Ч.Айдарбеков, кыргыз-афган мамилелеринин өнүгүшү боюнча жасаган иштери жана Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы достук мамилелердин бекемделишине кошкон салымы үчүн И.Месбахка ыраазычылык билдирди", - деп билдиришти министрликтен.

Өз кезегинде, биргеликте жемиштүү иштешкендиги жана анын демилгелерине толук көмөк көрсөткөндүгү үчүн Афганистандын элчиси кыргыз тарабына ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий