• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айдарбеков АКШнын Колумбия университетинде лекция окуду

Саясат 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Кечээ, 23-сентябрь күнү тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Колумбия университетинин Эл аралык жана коомдук мамилелер мектебинде лекция окуп, студенттердин суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айдарбеков «Борбордук Азиянын ичинде жана айланасында кызматташтыкты өнүктүрүү тенденциялары: Кыргызстандан көз караш» аттуу темада лекция окуган.

Ч. Айдарбеков өлкөбүздүн демократиялык жетишкендиктери жөнүндө сөз кылып, Кыргызстанда жана аймакта болуп жаткан учурдагы маанилүү окуялар тууралуу айтып берген.

Ошондой эле ал, студенттер менен жолугушуунун катышуучуларына чек ара көйгөйлөрүн чечүү, суу-энергетикалык ресурстарын рационалдуу пайдалануу, ошондой эле улуттук жана жалпы аймактык деңгээлде коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде күч-аракеттерди консолидациялоо жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү боюнча тараптардын аракеттери, Борбор Азияда болуп жаткан процесстер жөнүндө айтып берген.

Лекциядан кийин министр студенттердин жана жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берген.

Пикир

Оставить комментарий