• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айдарбеков АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Дэвид Хейл менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хейл менен телефон аркылуу сүйлөштү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, телефондук сүйлөшүү бүгүн, 17-апрелде кечинде болгон.

Сүйлөшүүнүн жүррүшүндө дүйнөдө коронавирустук инфекциянын жайылып жаткан шарттарында кызматташуу маселелери талкууланды.

"Министр Айдарбеков тарабынан АКШдагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелерин, анын ичинде, мектеп окуучулары менен студенттердин ден соолугун коргоо үчүн шарттарды түзүү маселесин, визалардын колдонуу мөөнөтүн кайтарымсыз негизде узартууга америка тарабынын көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо суранычы билдирилди. COVID-19 вирусунун жайылышына каршы турууда Кыргызстанга USAID линиясы боюнча көрсөтүлгөн жана күтүлгөн жардамдар позитивдүү өңүттө белгиленди. Эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы түз байланыштарды жөнгө салуу зарылчылыгына дагы көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, Айдарбеков менен Хейл эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин чечүү үчүн туруктуу жумушчу байланыштарды камсыздоону улантышат.

Пикир

Оставить комментарий