• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айдарбеков алгачкы ирет Норвегияга иш сапар менен барат

Саясат 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 2019-жылдын 15-16-январь күндөрү Норвегия Королдугуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайак, визиттин алкагында Айдарбековдун Норвегиянын тышки иштер министри И.Э.Сёрейде, юстиция министри Т.Вара, Норвегиянын радиациялык коргоо Агенттигинин директору П.Странд, Борбордук статистикалык бюронун директору Г.Аксельсен, Норвегиялык картография боюнча агенттигинин директору К.Герцен, Осло шаарынын мэри М.Борген, парламент өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушуусу өтөт.

Андан тышкары Ч.Айдарбеков Норвегияда жашап жана иштеген мекендештер менен жолугушуусу пландалган.

Белгилей кетчү нерсе, бул иш сапар КРнын тышкы иштер министринин Норвегияга болгон биринчи сапары.

Пикир

Оставить комментарий