• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айдарбеков БАЭнын ТИМ башчысы менен эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтыктын министри шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян менен эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын келечегин талкуулап, кыргыз-эмират кызматташуусун эки тараптуу жогорку деңгээлдеги визиттерди жүргүзүү аркылуу активдештирүү керек экендигин баса белгилешти.

Андан тышкары жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкка, анын ичинде туризм, кыргыз айыл-чарба азыктарын БАЭга ташуу, Кыргызстан мүчө болуп кирген Эл аралык халал-аккредитация уюмунун пайдаларын колдонуу жана ошондой эле КРда транспорттук-логистикалык борборлорду курууга көмөк көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда Айдарбеков кесиптешин өзүнө ыңгайлуу болгон учурда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий