• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Айдарбеков «Бир тилке – бир жолдун” алкагында эл аралык кызматташуу боюнча видеоконференцияга катышты

Саясат 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков “Тилкелер менен жолдордун” эл аралык кызматташтыгы: COVID-19га каршы тилектештик күрөшү» аттуу «Бир тилке – бир жолдун» алкагында эл аралык кызматташуу боюнча жогорку деңгээлдеги видеоконференцияга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Форум кытай тарабынын демилгеси боюнча уюштурулган. Анын ишине Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, БУУнун Башкы катчысынын орун басары, ПРООНдун администратору Ахим Штайнер, ошондой эле дүйнөнүн 28 өлкөсүнүн вице-премьерлери жана тышкы иштер министрлери катышты.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө жана анын дүйнө-жүзүнө жайылышын токтотууга тийиштүү кенен аспектилерди, ошондой эле пандемиянын шарттарында экономиканы жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча маселелерди талкуулашты. Мындан тышкары коронавирустун алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча зарыл чараларды катуу сактоо менен адамдардын чек аралар аралык жүрүүсүн этап-этабы менен кайра жандандыруу маселелери козголду.

Өз сөзүндө КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков коронавирустук инфекциянын Кыргызстанда жайылышынын жана анын менен күрөшүүнүн тегерегиндеги кырдаал тууралуу маалымдады. Дүйнөнүн начар өнүккөн өлкөлөрүнүн экономикасынын калыбына келишине жана алардын туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында алардын карыздарын тейлөө боюнча төлөмдөрдү токтотуу жөнүндөгү G20нын демилгесине ылайык мамлекеттик карыздарды тейлөө боюнча төлөмдөрдү токтотуу маселесинин маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Ошондой эле сооданы өнүктүрүүнүн жана транспорттук ташууларды кайра жандандыруунун, тоскоолдуксуз импорт менен экспортту жүзөгө ашыруу үчүн транзиттик жүк ташуулар боюнча «жашыл коридорлордун» натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгү белгиленди. Пандемиянын оор мезгилинде башка өлкөлөрдө жүргөн жарандарды өз ара колдоо зарылдыгы баса белгиленди.

Видеоконференциянын жыйынтыгы боюнча Форумдун катышуучулары Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий