• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айдарбеков ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 5-июль күнү тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен анын ЮНИСЕФтин өкүлү катары миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Тараптар Кыргызстан менен ЮНИСЕФтин кызматташуу маселелерин, тактап айтканда балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган долбоорлорду талкуулашкан.

Министр, Кыргызстандын өкмөтү менен ЮНИСЕФтин ортосундагы 2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн кызматташуу Программасынын (бюджети 31 млн. долларынын тегерегинде) ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгына байланыштуу ыраазычылык билдирген.

Өз кезегинде Ю. Мокуо Кыргызстанда алыскы аймактардагы 2 миң 137 мектепти интернетке туташтырууга ЮНИСЕФ колдоо көрсөткөнүн белгилеген.

"Чыңгыз Айдарбеков Юкиэ Мокуого Кыргызстандагы балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана ага КР менен ЮНИСЕФтин кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамота тапшырды. Ошондой эле ЮНИСЕФтин долбоорлору жана программалары ар бир баланын жашоо-турмушун жакшыртууга жардам берет деген ишеничин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий