• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Айдарбеков БУУнун COVID-19 боюнча жооп кылуу жана калыбына келтирүү фондунун башчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) COVID-19 боюнча жооп кылуу жана калыбына келтирүү фондунун башчысы Йенс Вандель менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууга БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Озонния Ожиело дагы катышкан.

Маектин жүрүшүндө министр Айдарбеков пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө кирешеси төмөн жана орто деңгээлдеги өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган БУУнун COVID-19 боюнча жооп кылуу жана калыбына келтирүү фондунун түзүлгөндүгү менен куттуктады.

Коронавирус жуктурган жарандардын саны кескин көбөйгөндүгүн белгилөө менен эпидемиологиялык жагдайды турукташтыруу, социалдык милдеттенмелерди аткаруу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экономиканы калыбына келтирүү сыяктуу актуалдуу милдеттерге көңүл бурду. Мындан улам, ушул маселелер боюнча БУУнун COVID-19 боюнча жооп кылуу жана калыбына келтирүү фонду тарабынан көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ТИМ башчысы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын БУУнун тутуму менен өз ара аракеттенүүсүнүн ийгиликтүүлүгүн белгилеген.

Атап айтканда, ушул жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуусуна жооп катары 2020-жылдын май айында финансылык жардам ыкчам келип түшкөндүгү тастыкталды.

Вандель өлкөдө коронавирустук пандемиянын жайылышына каршы турууда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн күч аракеттерин оң белгилеп, бул чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын колдоду. Түзүлүп жаткан кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө багытталган чараларды колдоо боюнча биргелешкен ишти улантууга даярдыгын билдирди.

Мында, Й.Вандель жардам берүү мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн жакынкы убакытта өлкөнүн керектөөлөрүнүн тизмесин түзүү жөнүндө БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун кеңсесине кат жөнөтүү пландалып жатканын кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий