• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айдарбеков дүйнөлүк «Шинкиокушинкай» каратэ уюмунун президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Кечээ, 24-октябрь күнү тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дүйнөлүк «Шинкиокушинкай» каратэ уюмунун президенти Кенжи Мидори менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанда каратэни жайылтуу боюнча кызматташуу маселелери талкууланган.

Бул максатта япон тарабы Кыргыз Республикасында биргелешкен машыгуулар, чемпионаттар жана башка бул өңдүү иш-чараларды уюштуруу боюнча пикирин билдирген.

Айдарбеков Кыргыз Республикасынын кызыкдар түзүмдөрү менен биргеликте бул маселени иштеп чыгууга даяр экендигин белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий