• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдарбеков ЕККУ министрлер кеңешинин жана КР-ЕБ кызматташтыгы боюнча кеңештин жыйындарына катышат

Саясат 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. 6-7-декабрында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышат. Жыйын Италиянын Милан шаарында өтөт.

Жыйындын алкагында Айдарбековдун ЕККУнун расмий өкүлдөрү, жыйынга катыша турган ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн бир катар тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Ошондой эле иш-сапардын алкагында Айдарбеков Италияда окуп жана эмгектенип жатышкан Кыргызстандын жарандары менен да жолугат.

Мындан тышкары, 10-декабрда Брюссель шаарында министр Кыргызстан – Евробиримдик кызматташтыгы боюнча кеңештин 16-жыйынына катышат.

Пикир

Оставить комментарий