• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айдарбеков ENGIE Group алдыңкы француз энергетикалык жана газ компаниясынын штаб-квартирасына барды

Саясат 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 21-ноябрь күнү ENGIE Group алдыңкы француз энергетикалык жана газ компаниясынын штаб-квартирасына барып, ENGIE Group компаниясына кирген Tractebel Engineering инжиниринг консалтинг компаниясынын башкы директору Сами Бенудиз менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, С.Бенудиз компания Кыргызстан менен кызматташууга олуттуу маани берээрин белгилеген. Ал маалымдагандай, компания Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо долбоорун даярдоого катышып жаткандыгы, курчап турган жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирине комплекстүү баа берүүнү өткөрүү, Азия өнүктүрүү банкы үчүн инженердик компания катары контракт боюнча сүйлөшүүлөргө жардам берүү ишине катышуу, ошондой эле Токтогул ГЭСин реабилитациялоого катышууда – куруу этабына чейинки даярдоо иштеринин фазасын өткөрүү, техникалык изилдөөлөр жана иштердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, анын ичинде, тендердик документтерди даярдоо жана карап чыгуу иштери жүрүүдө.

Ал эми кыргыз тарап гидроэнергетика чөйрөсүнө инвестицияларды тартууга, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоого кызыкдарлыгын билдирди.

Ч.Айдарбеков мындай кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, региондогу кыйла жагымдуу экосистеманы түзүүгө багытталган жаңы долбоорлор жөнүндө маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий