• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Айдарбеков дипмиссиясынын аякташына байланыштуу Франциянын элчиси менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. 24-сентябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын КРдагы элчиси Микаэл Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү.

Тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар акыркы жылдардагы кыргыз-француз кызматташуусунун өнүгүшүнүн оң жактарына токтолушту. Эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча, анын ичинде 2019-жылы Францияга министр Ч.Айдарбековдун жумушчу сапарынын жана Кыргыз Республикасына Франциянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Ж.-Б.Лемуандын сапарынын жыйынтыктары боюнча жасалган жемиштүү иштер белгиленди.

Атап айтканда «Aеroports de Paris» жана «TAV Airports» париж аэропортторунун эл аралык операторлору «Манас» жана «Ош» аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр, «GE Hydro France» компаниясы буга чейин эле Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат, «Flowbird» компаниясы паркинг системаларды эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда, «EGIS» компаниясы «Ош-Баткен-Исфана» автоунаа жолдорун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды, бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы ошондой эле Бишкек шаарында «Novotel» франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында маданий-гуманитардык кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти. Эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин алдыда боло турган иш-чараларынын графиги талкууланды.

Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосунда кыргыз-француз кызматташуусунун мындан ары активдештирүү үчүн Францияда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн уюмдаштырылганынын маанилүүлүгү жана өз убагында болгондугу баса белгиленди.

Министр Ч.Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн М.Руга ыраазычылык билдирди жана дипломатиялык ишине жаңы ийгиликтерди каалады.

Кыргыз-француз кызматташуусун өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө кошкон жеке салымы үчүн Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси М. Ру Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий