• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Айдарбеков Германиядагы мекендештер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германияга болгон жумушчу сапарынын алкагында, 29-январь күнү Берлин шаарында Германияда жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министр Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгы жана анын келечектери жөнүндө өз ою менен бөлүшкөн.

Ал, мамлекеттик органдардын "Түндүк" өз ара байланыш электрондук тутумунун алкагында министрлик активдүү иш алып барып жатканын белгилеп, министрликте киргизилген "Паспорт", "Жаран", "ЗАГС", "Консулдук эсепке алуу" автоматташтырылган маалыматтык тутумдары тууралуу маалымат берген.

Жолугушууда министр расмий портал аркылуу алууга боло турган КР электрондук визасы жөнүндө да кыскача айтып берген. Ал белгилегендей, анкеталарды кароо мөөнөтү болгону 5 жумушчу күндү түзөт.

Ошондой эле Айдарбеков КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо министрликтин алдыңкы орунда турган милдети экенин билдирип, консулдук-укуктук чөйрөдө маселелер жаралган учурда керектүү консультацияларды алуу үчүн жарандар КРнын чет өлкөдөгү мекемелерине дайыма кайрыла аларын белгилеген.

Жолугушуу маек түрүндө өтүп, анын жүрүшүндө мекендештер министрге өздөрүн кызыктырган суроолорду беришкен.

Пикир

Оставить комментарий