• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айдарбеков Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Федералдык министрлигинин статс-катчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германия Федеративдүү Республикасынын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Федералдык министрлигинин статс-катчысы Норберт Бартле менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө эки өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселелер талкууланды.

"Коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына 500 миң евро өлчөмүндө жардам бөлүү жөнүндө Германия Өкмөтүнүн чечими үчүн министр ыраазычылык билдирди. Өлкөдө коронавирусту болтурбоо максатында Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу алдында германия тарабы менен ийгиликтүү кызматташуу жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасынын алдындагы мамлекеттик карызын конверсиялоонун мүмкүн болгон жолдорун, ошондой эле коронавирус шартында саламаттыкты сактоо жана экономика чөйрөлөрүн колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Финансылык жана техникалык кызматташуунун алкагында тыгыз кызматташтыкты улантуу маанилүүлүгү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий