• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдарбеков Япониянын ТИМ башчысынын орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын парламенттик тышкы иштер вице-министри Кэндзи Ямада менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Жолугушуунун алкагында тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын 2018-жылдын сентябрь айында Токио шаарында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында макулдашылган чечимдердин ишке ашышын сүйлөшүштү.

Айдарбеков Кыргызстан саясий диалогдун, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун кеңейишине кызыктар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Косаку Ямада Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыкка жогорку баа берген.

Тараптар эки өлкөнүн жарандары үчүн пайдалуу болгон кызматташтыкты келечекте бекемдөөгө даяр экендигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий