• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдарбеков Индиянын экс-тышкы иштер министри Сушма Сварадж менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 19.06.19./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Индиянын мурдагы тышкы иштер министри Сушма Сварадж айым менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маектин жүрүшүндө Айдарбеков Сварадж айымга, анын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыккан Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген.

Маектин аягында Айдарбеков кесиптешине бекем ден соолук жана зор ийгиликтерди каалаган.

Пикир

Оставить комментарий