• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айдарбеков Испания, Лихтенштейн, Польша жана Норвегиянын ТИМ башчылары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Министр Чыңгыз Айдарбеков Испания, Лихтенштейн, Польша жана Норвегиянын ТИМ башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 56-Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында өттү.

Министр аталган өлкөлөрдүн делегацияларын ушул жылы жайында Бишкекте өтө турган ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды жана аларга форум тууралуу маалымат берди.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу мамилелердин күн тартибинин кээ бир аспекттерин карап чыгышты. Атап айтканда, Испаниянын ТИМ башчысы менен Ч.Айдарбеков Бишкекте же башка туура келе тургандай жол менен визалык борбор ачуу аркылуу Испанияга жөнөп жаткан КР жарандарына шенген визасын берүү боюнча маселелерди талкуулады.

Польша тарабы менен эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду мындан ары бекемдөө маселелери каралды. Бардык маселелерди кыйла деталдуу талкуулоо үчүн Испания жана Польша тараптары Ч.Айдарбековду Мадридге жана Варшавага келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий