• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айдарбеков Италиядагы мекендештер менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. КРнын Тышки иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өзүнүн иш сапарынын алкагында Неапольдо кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жолугушуу алгач ирет Неапольдо Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөрүлдү.

Министр жолугушууга келген мекендештерине ыраазычылык билдирип, кыргыз-италия кызматташуусунун абалы жана аларды активдештирүү боюнча ТИМ тарабынан жүргүзүлгөн иш жөнүндө айтып берди.

Диаспора өкүлдөрү министрге мекендештердин кызыкчылыктарын колдоо жана ошондой эле өздөрүнүн коомдук уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып беришти.

Айдарбеков баардык берилген суроолорго тиешелүү жооп берип, көтөрүлгөн көйгөйлөр көзөмөлгө алынаарын айтты. Ошондой эле ал КР президенти алдындагы жаңы түзүлгөн мекендештер менен байланыш Кеңеши тууралуу айтып берди. Кеңештин негизги максаты чет өлкөдө жүргөн мекендештер менен мамлекет ортосундагы коргоо, кызыкчылыгын колдоо боюнча өз ара кызматташууну бекемдөөгө багытталган.

Андан тышкары Ч.Айдарбеков Неаполь шаарынын администрациясы менен жолугушуп, мекендештердин көгөйлөрүн кантип чечүүнү талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий