• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Айдарбеков Катардын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-январь күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Катардын Кыргыз Республикасындагы элчиси Абдулла Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-катар кызматташтыгынын бардык багыттары боюнча өз ара кызыкчылык жараткан маселелери талкууланган.

"Ошондой эле 2020-жылы жогорку деӊгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруу, саясий, экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий