• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айдарбеков «Kazakh invest» АК төрагасы Бауржан Сартбаев менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Кечээ, 21-август күнү Нур-Султан шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh invest» АК башкармалыгынын төрагасы Бауржан Сартбаев менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган. Айдарбеков саясий, соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-казак кызматташтыгы жакшы өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын аймагында инвестицияны кеңейтүүгө чакырган.

Ал эми Сартбаев, «Kazakh invest» АКнын инвестицияларды тартуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө айтып берип, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кыргыз тарабы менен кызматташууга кызыкдар экенин жана тажрыйба алмашууга, КР адистери үчүн стажировка уюштурууга даяр экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий