• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айдарбеков кореялык KOICA агенттигинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн жогору баалады

Саясат 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Нур-Султан шаарында болуп өткөн «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташуунун XII форумуна катышуунун алкагында күн мурун Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кореянын ТИМ башчысы Кан Гён Хва менен жолугушту.

Тараптар ушул жылдын 17-19-июлунда Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргыз Республикасына болгон биринчи расмий сапары эки тараптуу кызматташууга жаңы импульс бергендигин баса белгилешти жана Корея өкмөтүнүн башчысынын сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашырууну талкуулашты.

Тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын саясий диалогун улантуунун максатында жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өз ара сапарларды ишке ашырууну улантуу зарылчылыгы жөнүндө макулдашуу жетишилди.

"Министр Ч.Айдарбеков KOICAнын Кыргызстандагы линиясы боюнча бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын баса белгилеп, агенттиктин КРдагы ишмердүүлүгүн жогору баалады, анын бири "Менин айылым" долбоору, ал Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий