• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Айдарбеков Кореянын КРдагы элчиси Ха Тэ Ёкту кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-июнь күнү тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёкту кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана саясий, экономикалык, парламенттер аралык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ошондой эле кызматташуунун өзүнчө долбоорлору боюнча пикир алмашышкан.

"2019-жылдын июль айына пландаштырылган Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргыз Республикасына расмий сапарын даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Сапарды жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүү максатында тараптар тыгыз координациянын, ошондой эле алдыдагы бизнес-форумду тыкыр иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилешти", - деп айтылатмаалыматта.

Пикир

Оставить комментарий