• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Айдарбеков: КР менен Евробиримдиктин кызматташтыгынын жаңы стратегиясы боюнча сүйлөшүүлөр белгиленген тартипте жүрүүдө

Саясат 0

Брюссель, 23.11.18. / Кабар/. Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусунун жаңы стратегиясын кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр белгиленген тартипте жүрүүдө. Бул тууралуу журналисттерге КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, бул стратегия Кыргызстан үчүн, жалпы аймак үчүн маанилүү. “Биз макулдашууну үч багыт боюнча иштеп чыгуудабыз. Биринчиси мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө, экинчи – экономика, үчүнчүсү - тармактык багыттагы маселелер. Эки пункт боюнча биз жакшы жыйынтыктарга жетиштик. Жакын арада кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.

КРнын ТИМ башчысы декабрь айында Брюсселде Кыргызстан-Евробиримдик кеңешинин отурумун өткөрүү пландалып жатканын да белгиледи.

“Макулдашуунун долбоору боюнча бүгүнкү күнгө жетишилген жетишкендиктерди сөз кылабыз. Андан тышкары эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууга алынат”, - деди министр.

Эске сала кетсек, Евробиримдикте Борбор Азия жумалыгы өтүп жатат. Буга байланыштуу Борбор Азиянын ТИМ башчыларынын кеңеши Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча башкы комиссар Федерика Могерининин катышуусу менен өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий