• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдарбеков: Кыргыз тарап ШКУнун мындан ары карай өнүгүшү үчүн салым кошот

Саясат 0

Бишкек, 22.05.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргыз тарап мындан ары да ШКУнун өнүгүүсү үчүн алдыда турган тапшырмаларды чечүүгө позитивдүү салым кошуп келет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлери кеңешинин отурумунун жыйынтыгында кабарчыларга билдирди.

Анын айтуусу боюнча, 13-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында өтө турчу ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинде карала турчу эң алдыңкы маселелер жана уюмдун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча маселелер каралган. Негиз катары Бишкек декларациясынын долбоорлору алынган. ШКУнун катчылыгынын 2018-жылдагы ишмердүүлүгү, уюмдун отчеттук убакыт үчүн ишмердуулугу тууралуу доклад угулуп, жактырылган.

«Отурумдун жүрүшүндө актуалдуу регионалдык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болуп, алар боюнча тараптардын позициялары макулдашылган. Ошол көз караштар ШКУ мамлекеттер башчыларынын саммитинин жыйынтыгында ШКУ катчылыгы тарабынан таратылат. Афганистан боюнча ШКУ тобунун кезектеги отурумунун жыйынтыгында жол картасынын долбоору кабыл алынгандыгын кубануу менен белгиледик. Өлкө башчыларынын кароосуна алгач киргизилип жаткан бул документти бүгүн министрлер карап чыгышты», - дейт Айдарбеков.

Министр белгилегендей, ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчылары Кыргызстанда өткөн бир катар иш-чараларды баса белгилеп кетишти.

«Бишкекте өткөн ТИМ башчыларынын отуруму ШКУнун алдында турган эң негизги тапшырмаларды аткарууда жана уюмдун өнүгүүсүндө эң маанилүү этабы десек болот. Кыргыз тарап мындан ары да уюмдун өнүгүүсү үчүн жана алдыда турган тапрышмаларды аткарууга позитивдүү кадамдарды жасап келет», -деп кошумчалады Айдарбеков.

Пикир

Оставить комментарий