• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Айдарбеков: Кыргызстан менен БАЭнин кызматташтыгы жемиштүү жана динамикалуу өнүгүп жатат

Саясат 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташтык жемиштүү жана динамикалуу өнүгүп жатат. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Ал, президент БАЭге Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен визит жасаганын эске салды. Визиттин жүрүшүндө социалдык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле билим берүү жана туризм тармактары боюнча маселелердин кеңири комплекси каралды.

«Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу жана келечектүү тармактары боюнча 7 макулдашууга кол коюшту. Экономикалык байланыштарды жана инвестициялык кызматташууну өркүндөтүүгө чоң көңүл бурулду. Билим берүү жана туризм тармактары өзгөчө каралды», — деди Айдарбеков.

Ал белгилегендей, Жээнбеков Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨЖП) Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр жана БАЭ бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунда ири компаниялардын өкүлдөрүн жана БАЭ жетекчилигин Кыргызстандын экономикасынын ар кандай тармактарын инвестициялоого чакырды.

«Өлкөбүздүн каражат салууга мүмкүн болгон конкреттүү багыттары жана тармактары талкууланды. Ошондой эле, мамлекеттик түзүмдөр менен тыгыз байланышта иштөө макулдашылды», — деди министр.

Мындан тышкары, Чыңгыз Айдарбеков БАЭнин жетекчилиги менен жолугушууда маселелердин кеңири тизмеси, ошондой эле Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий