• 84.8
  • 101.98
  • 1.11

Айдарбеков: Кыргызстандын тышкы саясатында Евробиримдик артыкчылык болуп саналат

Саясат 0

Брюссель, 23.11.18. /Кабар/. КРнын тышки иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Брюссель шаарында Евробиримдиктин Тышки иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолугушту.

Жолугушуу Борбор Азия ТИМ башчыларынын жана Евробиримдиктин кеңешинин алкагында өттү.

Айдарбеков Могерини менен Кыргызстан жана Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын бардык тарабы сүйлөшүлгөндүгүн айтты.

Анын айтуусунда, тараптар эки жактуу кызматташтыктын жакшы деңгээлин белгилешти. КР жана ЕБ ортосундагы кызматташуу конструктивдүү жана эки жакка тең пайдалуу экендиги белгиленди.

“Биз ЕБдин Кыргызстанга кошкон чоң салымын белгиледик. 2014-2020-жылдардагы индикативдүү программанын алкагында Евробиримдик Кыргызстандын өнүгүүсүн ар тараптан колдоп келет. Тактап айтканда: билим берүү, укук, айыл чарбанын өнүгүшү, энергетика жана суу. Бардык багыттар боюнча жемиштүү кызматташуу жүрөт. Көп жерде макулдашылган гранттык жардам алып келебиз. Бул ЕБдин Кыргызстанда жүрүп жаткан парламенттик демократияны бекемдөө, реформаларды жүргүзүү жана башка жетишкендиктерди билип таанууну көрсөтөт. Биз үчүн бул колдоо маанилүү. Негизинен Евробиримдик Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу”, - дейт ТИМ башчысы.

Айдарбеков кошумчалагандай, андан тышкары Морегини менен кызматташуунун бардык жактары талкууланды.

Ал белгилегендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибинде БАга карата иштеп жаткан стратегияны жана 2019-жылы кабыл алына турган жаңы стратегияны талкулоо турат.

“Региондогу өлкөлөр үчүн бул абдан маанилүү. Биз транспорт, логистика, инфраструктура, энергетиканын туруктуу өнүгүүсү, суу-энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүгө чоң көңүл бурулат деп ишенебиз. Негизи ошол стратегияны кабыл алуу Евробиримдиктин биздин регионго көңүл буруусун жана анын маанилүүлүгүн көрсөтүп турат”, - деди Айдарбеков.

Пикир

Оставить комментарий