• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айдарбеков Кытайдын ТИМ башчысынын орун басары Чжан Ханьхуэй менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. КР тышки иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын тышкы иштер министринин (ТИМ) орун басары Чжан Ханьхуэй менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кечээ, 28-октябрда Чыңгыз Айдарбековдун Пекиндеги транзиттик токтоосунун алкагында болгон.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын анын ичинде саясий, соода–экономикалык жана маданий чөйрөдөгү маселелерди талкуулашкан. Маек учурунда өзгөчө басым келээрки жылдагы боло турган жогорку деңгээлдеги визиттерге жана көп тараптуу иш-чараларга кызуу даярдык көрүүгө жасалды.

КР ТИМ башчысы 2018-жылы кыргыз-кытай кызматташтытыгынын ортосундагы болгон активдүүлүктү баса белгилеп, 2019-жылы анын өсүүсүнө ишеним билдирди.

Чжан Ханьхуэй өз кезегинде Кытай кызматташуунун бардык тармагында өз ара өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий