• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айдарбеков Кытайдын тышкы иштер министри менен эмнени сүйлөшкөнүн айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 13.09.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолугушууда эмнелер талкууланган айтып берди.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И расмий сапар менен келген.

Маалымат жыйыны учурунда Айдарбеков бир катар маселелер, анын ичинде экономика, жол карта долбоорлору, инфраструктура тармагындагы маселелер талкууланган билдирди.

"Мурда жетишилген макулдашуулар боюнча оң динамика бар экени белгиленди. Алсак, гранттык жана насыя макулдашуулары боюнча. Пандемияга байланыштуу кыйынчылыктарга карабай бизде кытайлык адистер иштеп жатат. Бүгүнкү күнү ал документтер ишке ашырылууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий