• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдарбеков кытайлык кесиптеши менен соода-экономикалык кызматташууну күчөтүүнү талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өзүнүн Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын коммерция министри Чжун Шан менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү, инвестицияларды Кыргызстанга тартуу, кыргыз азыктарын Кытайга экспорттоо, “Бир алкак – бир жол” аттуу кытай демилгесинин алкагында эки жакка тең пайда алып келүүчү эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу жана башка маселелерди талкуулашты.

Андан тышкары, Бишкек шаарында өтө турчу ШКУнун саммитин, соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиянын жана “Кыргызстан – СУАР” координациялык топтун отурумун өткөрүүгө багытталган даярдык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Чжун Шан Кытай менен Кыргызстан ортосундагы достук, кызматтык жана стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу бекемдөөгө даяр экендиги баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий