• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдарбеков менен Афганистандын КРдагы элчиси жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Афганистандын КРдагы элчиси Мохаммад Есса Месбаха менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-афган кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономика, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулашкан.

Андан тышкары министр менен элчи Афганистандын аймагында жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселесин талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий