• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдарбеков менен Литванын спикери Пранцкетис кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өзүнүн Литва Республикасына болгон биринчи иш сапарында Литванын парламентинин спикери Викторас Пранцкетис менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, тараптар жолугушуунун алкагында Литва Республикасынын парламенттик демократияны тургузуудагы тажрыйбасын эске алуу менен эки өлкө ортосундагы парламент аралык кызматташууну бекемдөө боюнча бир топ маселелерди талкуулашты.

Андан тышкары парламент аралык баарлашууну өнүктүрүү үчүн Кыргызстан менен кызматташуу үчүн Литва парламентинде достук тобун түзүү керек экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий