• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдарбеков Нидерланд жана Эстониянын тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Кечээ, 5-декабрь күнү Братислава шаарында ЕККУ ТИМК аянтчасында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Эстония Республикасынын тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу жана Нидерланд Королдугунун тышкы иштер министри Стеф Блок менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эстониянын тышкы саясий мекемесинин башчысы менен болгон жолугушууда эки тараптын күн тартибиндеги актуалдуу маселелери, ошондой эле 2020-жылга пландаштырылган өз ара сапарларды уюштуруу талкууланган.

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү багыты IT-чөйрө болуп саналарын белгилешип, Кыргызстандагы эстониялык долбоорлорду, ошондой эле «Түндүк» ЭВӨСтү ишке ашыруунун алкагында мүмкүн болгон жаңы долбоорлорду талкуулашкан.

Нидерланддардын ТИМ башчысы менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер каралган.

Тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн жана кызматташтыктын бардык спектри боюнча эки тараптуу байланыштарды активизациялоо үчүн ар кандай деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруунун зарылчылыгын белгилешкен.

Ушул жылдын 15-17-октябрында Нидерланд Королдугунун айыл чарбалык соода миссиясынын Бишкек шаарына болгон сапарынын маанилүүлүгү, ошондой эле сапардын алкагында тегерек столдун иши белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий