• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чынгыз Азаматович Президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Кадрдык курамды жашартуу мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамилелерди киргизүүгө, ар кыл тармактарда системдүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз түзүүгө өбөлгө болот.

Пикир

Оставить комментарий