• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айдарбеков Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Күн мурун, 14-июлда КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) башкы катчысы Багдад Амреев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Айдарбеков менен Амреев коронавирустук инфекциясынын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңүү боюнча Кыргызстандагы жана Түрк кеңешинин башка мүчө-мамлекеттериндеги учурдагы абалды, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча улантылып жаткан күч-аракеттерди талкуулашты.

Тараптар коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык-экономикалык чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча түрк мамлекеттери тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна ишеним билдиришти.

Мындан тышкары, Түрк кеңешинин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий