• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдарбеков Тажикстандык кесиптеши менен Самаркандда жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Самарканд шаарында (Ташкент) биринчи "Индия-Борбордук Азия" диалогу конференциясынын алкагында Кыргызстандын ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн министрлери кыргыз-тажик алакасынын өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар чек ара маселеси боюнча жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы регионалдык долбоорлорду алдыга жылдырууда биргелешип аракет кылуу керектигин баса белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий