• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айдарбеков Тажикстандын Кыргызстандагы жаңы элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-январь күнү тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Ализода КР тышкы иштер министрине ишеним грамоталардын көчүрмөсүн тапшырган.

Айдарбеков элчи Н.Ализоданы Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалаган.

"Тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, мындан аркы кызматташтыктын багыттарын белгилешти. Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүү процесстери, ошондой эле 2020-жылга белгиленген иш-чаралар талкууланды", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий