• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри менен чек арадагы кырдаалды талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-майда саат 18:30да Баткен облусунун Көк-Таш айылында болгон окуяга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефондук сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланып, чырды жөнгө салууга багытталган биргелешкен иш-аракеттерди координациялоо керектиги айтылган.

"Министрлер чек ара аймагындагы чыңалууну жоготуу жана алдыда кырдаалдын курчубашы үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү деген пикирге келишти. Тараптар абалды турукташтыруу үчүн түз байланышты болууну макулдашты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий